Медицина

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
30/01 12:49
 

Кыргызстанда акыркы жылдары бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны эки эсе жогорулады

Кыргызстанда акыркы жылдары бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны эки эсе жогорулады

Бишкек, 30-январь. /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылдары бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны эки эсе жогорулады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Жаңы жашоого үмүт” коомдук фондунун директору Жази Чыналиева билдирди.
 

Анын айтымында, бөйрөк оорусунун акыркы чеги болуп эсептелген терминалдык стадиясы көп катталууда. “Бул акыркы стадия болуп эсептелет. Бизде нефрология, бөйрөк ооруларын эрте аныктоо жолго салына элек, бир четинен жабыркагандар дарыгерлерге кеч кайрылышат. Алар эрте адистерге келип дарыланышканда бир топ өмүрдү сактап калуу мүмкүн эле”, - дейт Ж.Чыналиева.
 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө бөйрөктүн өнөкөт дарты менен калктын 14-15 пайызы жабыркаган. Ал эми Кыргызстанда 1 миллион адамдын 300ү бөйрөктүн өнөкөт дарты менен ооруйт.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу