Медицина

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
30/11 11:15
 

Ж. Курманалиева: Кыргызстанда СПИД жаштар арасында көп жайылган

Ж. Курманалиева: Кыргызстанда СПИД жаштар арасында көп жайылган

Бишкек, 30-ноябрь. /Жолдош Жусупов-Кабар/. Кыргызстанда СПИД жаштар арасында көп жайылган. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “СПИД” республикалык борборунун директору Жылдыз Курманалиева билдирди.

“Бизде СПИД 25 жаштан 29 жашка чейинкилер арасында көп жайылган. Бул СПИДге чалдыккандардын 21 пайызын түзөт. Башкача айтканда, илдетке чалдыккандардын 768и жаштар болуп саналат”, - дейт “СПИД” борборунун директору. 

Мындан тышкары СПИДке чалдыккандардын 65 пайызы баңгиликке берилгендер болсо, 27,13 пайызы жыныстык жол менен жуктургандар. 

Белгилей кетсек, 1-ноябрга карата Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккан 3 миң 789 адам катталган. Алардын 403ү СПИДге кабылган. Бул илдеттен 510 адам каза болгон. 
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу