Медицина

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
23/11 12:05
 

Кыргызстанда БДССУ “Климаттын өзгөрүү шартына организимдин ийкемделиши” программасы ишке ашууда

Бишкек, 23-ноябрь. /Махабат Момуналиева-Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “2011-2015-жылдардагы климаттын өзгөрүү шартына организимдин ийкемделиши” программасын ишке ашырууну баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык профилактика борборунун директору Омор Касымов билдирди.
Анын айтымында долбоор Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) тарабынан каржыланууда.
«Климаттын өзгөрүшү адамдын организимине тийгизген таасири калктын сезимталдыгына, ийкемдүүлүгүнө жараша болот. Кээ бир адамдардын оорулары күндүн катуу ысышынан, суукташынан соң күч алат», - деди ал.
О.Касымов климаттын өзгөрүшү келечекте адамдын организимне түздөн-түз же болбосо кыйыр таасир бериши ыктымал экендигин айтты. Ал аба ырайынын жагымсыз экстремалдык шарттары, экологиянын кыйрашы адамдын ден соолугуна ар кандай жаракат алуу, психикалык жактан, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын, тамак-аштардан уулануу жана башка түрлөрү аркылуу көрүнүшү мүмкүн экендигин баса белгиледи.
“2011-жылы жайында бизде тропикалык климатта кездешкен инфекция катталды. Бул биздеги климаттын өзгөрүшүнөн кабар берет”, - деп айтты О.Касымов.
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу