Медицина

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
10/11 12:53
 

Кафе менен ресторандарга үйдөн жасалган тамак-аштарды алып келүүгө тыюу салынды

Кафе менен ресторандарга үйдөн жасалган тамак-аштарды алып келүүгө тыюу салынды

Бишкек, 10-ноябрь. /Махабат Момуналиева-Кабар/. Коомдук тамактануу жайлардын ээлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР Саламаттык сактоо министринин орунбасары, республиканын башкы санитардык врачы Сабыржан Абдикаримов билдирди.
 

Республиканын башкы санитардык врачы өз токтому менен кафе менен ресторандарга үйдөн жасалган тамак-аштарды алып келүүгө тыюу салды.
 

“Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайлардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип мыйзам долбоорун даярдоодо. Ага ылайык санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган коомдук тамактануучу жайлардын ээлери үчүн айыптардын суммасы 10 эсеге жогорулайт. Учурда бул сумма 1-2 миң сомду гана түзөт”, - деди ал.
 

С.Абдикаримов ошондой эле бул багытта көзөмөл күчөй тургандыгын баса белгиледи.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу