Укук тартиби

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/01 15:52
 

ИИМ 7 жашар кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалыматты текшерүүдө

ИИМ 7 жашар кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалыматты текшерүүдө

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБсынын ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери 7 жашар кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалыматты текшерүү үчүн 3-балдар ооруканасына барышты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Инстаграм соцтармагында кимдир бирөө 3-балдар ооруканасында 7 жашар кызга бир туугандары тарабынан бир нече мертебе сексуалдык күч колдонулгандыгы тууралуу маалымат жазган. Ошондой эле, “Мээримдүү апалар” тобунун колдонуучулары коомчулукту нес кылган бул маалыматты бөлүшкөн. Бул “шилтемелерден” улам белгисиз колдонуучулар да издөөгө алынган.

“Бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБсынын ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери 3-балдар ооруканасына барышты. ИИБнын маалыматына караганда, бул ооруканада бир жумадан бери эсинен танып алынып келинген 8 жашар кыз жатат”,-дешти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу