19.01.2017, 14:53

ТИМ: “Түркияда мекендешинин туткуну болгон кыргызстандык кыз бошотулду”

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 19-январдын түнүндө КРнын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Измир шаарынын полициясынын жардамы менен КРнын жараны Э.И.нин турган жерин аныкташып, бошотушкан, аны мекендеши күч менен кармап турган.

Мындан мурда, интернетте 2 кыргызстандык кыз өзүнүн мекендешин ур-токмокко алып жаткан видео тараган (видеодо жабырлануучуну канжалатып сабашып, тилиңди кесебиз деп коркутуп жатышканын көрүүгө болот).

ТИМден билдиргендей, азыркы учурда Измир шаарынын полициясы тарабынан шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуга телефон аркылуу туугандары менен сүйлөшүүгө жардам көрсөтүлдү.

Аталган маселе КР ТИМдин көзөмөлүндө турат.