18.01.2017, 10:24

Ош облусунда мал уурдоого шектелип өспүрүм бала кармалды

Ош облусунда мал уурдоого шектелип өспүрүм бала кармалды

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Ош облусунда мал уурдоого шектелип өспүрүм бала кармалды, деп билдирди КР ИИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, милицияга Ош облусунун Кара-Суу районунун Коңурат айылынын 44 жаштагы тургуну У.А менен 36 жаштагы тургуну Т.Ж кайрылышып, короо-сарайларынан белгисиз бирөөлөр 3 эшекти уурдап кеткенин айтышкан.

“Аймактык ИИБнын кылмыш-иликтөө кызматкерлери кылмышкердин изин суутпай издешип, 15 жаштагы жергиликтүү Э. Р. аттуу өспүрүм баланы кармашты. Өспүрүм жашы жетпегендиктен мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда тергөө бөлүмүнө алынып келинди”,-деп айтышты басма сөз кызматынан.