Укук тартиби

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 17:15
 

Токтогул районунун тургуну 2 кг гашиш менен кармалды - ИИМ

Токтогул районунун тургуну 2 кг гашиш менен кармалды - ИИМ

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Токтогул районунун тургуну 2 кг гашиш менен кармалды, деп билдирди КР ИИМдин басма сөз кызматынан.

КР ИИМдин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен Сокулук РИИБсынын кызматкерлери биргелешип ыкчам-иликтөө иш-аракетин жүргүзүүдө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын 27 жаштагы тургуну К.У баңги заттарын мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөнүн аныкташты.

Милиция кызматкерлери Ново-Павловка айылында К.У. айдаган «Тайота-Раф-4» машинасын токтотуп текшерүүдө баштыктын ичинен 146 даана ширеңке коробкасына салынып скотч менен оролгон кара-жашыл түстөгү затты табышкан. Алдын-ала маалыматтар боюнча, ал зат гашиш болуп, жалпы салмагы 1 кг 975 гр. түзгөн.

Кылмышка шектүү адам гашишти 2016-жылы өзү даярдап, сатуу үчүн сактап жүргөндүгүн айткан.

Бул факт боюнча КР ККнын 247-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Бул санкцияда мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу