Укук тартиби

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 13:09
 

Бишкекте тумандан пайдаланып 10 түп даракты кыйып салышкан

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бишкекте дарактарды мыйзамсыз кыйып жатышкан 4 адам кайгуул милициясы тарабынан кармалды, деп билдирди Бишкек ШИИБсынын Кайгуул милициясы башкармалыгынан

Маалыматка караганда, түнкү саат 2:30да милиция кызматкерлери Ахунбаев менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен жүк жүктөөчү автомашинаны жана анын жанында турушкан шектүү адамдарды байкашкан.

“Коюу тумандан пайдаланышып алар дарактарды бензин менен иштеген араны пайдаланып мыйзамсыз кыйышкан. Кармалган учурда алар 10 түп кара жыгач дарагын кыйып алышкан”, -дешти басма сөз кызматынан.

Кармалгандар – 1980-жылкы О.А.А, 1986-жылкы М.Ч.Т, 1980-жылкы Т.А.Ж. жана 01kg 846AAH мамномериндеги Мерседес жүк ташуучу автомашинасынын айдоочусу болгон. Төртөө тең Бишкек шаарынын Октябрь РИИБсына алынып келинил, тергөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу