Укук тартиби

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
16/01 12:35
 

Бишкекте Соцфонд кызматкерлери 9 млн. 980 миң сомду жымырып алышкан

Бишкекте Соцфонд кызматкерлери 9 млн. 980 миң сомду жымырып алышкан

Бишкек, 16-январь /Кабар/. КР Соцфондунун Биринчи Май районунун кызматкерлери 9 млн. 980 миң сом суммасында акча каражатын жымырып алышкан, деп билдирди КР Башкы прокуратурасынын маалымат бөлүмүнөн.

Маалыматка караганда, 2014-2015-жылдары КР Соцфондунун Биринчи Май районунунун кызматкерлери 11 миң 772 даана камсыздандыруу полистерин сатуудан түшкөн акча каражатын жымырып алышкан.

Натыйжада мамлекетке 9 млн. 980 миң 930 сом акча каражатына зыян келтирилген. Бул факт боюнча КР ККнын 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 171-беренеси (ишенилип тапшырылган мүлктү жымырып алуу же жок кылуу) менен кылмыш иши козголду.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу