Укук тартиби

Октябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
13/01 15:30
 

Ош шаарында мас ырчы кыз милиционерге жаракат келтирген

Ош шаарында мас ырчы кыз милиционерге жаракат келтирген

Ош, 13-январь /Кабар/. Ош шаарында 12синен 13-январга караган түнү патрулдук милициясынын кызматкерлери тарабынан милиционерге жаракат келтирген мас абалындагы “А.Ж” аттуу жергиликтүү ырчы кыз кармалды, деп билдирди Ош шаарынын ИИБсынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, Масалиев менен Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган белгисиз машина милицияга баш ийбей өтүп кеткен. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө ал Алиев көчөсүнөн кармалган.

“Мас абалындагы айдоочу кыз өзүн “ОшТВ” телеканалынын журналисти жана ырчы деп тааныштырган. Документин көрсөтүүнү талап кылган милиционерди коркутуп, алтургай денесине да жаракат келтирген”,-деп айтышты ОШ ШИИБсынан.

Басма сөз кызматы ачыктагандай, телекомпания аталган кыз аларда штатта иштебегендигин айткан.

Бул факт боюнча КР ККнын 234-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу