Укук тартиби

Май 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
12/01 11:46
 

Бишкекте беткапчан 2 жигит оюн залын тоноп кетишти

Бишкекте беткапчан 2 жигит оюн залын тоноп кетишти

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Бишкекте беткапчан 2 жигит оюн залын тоноп кетишкен, деп билдирди Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 27-декабрда Бишкек шаарынын Т.Молдо менен Рыскулов көчөлөрүндө жайгашкан “ЛОТОРЕИ ГОЛД» оюн залына каракчылык кол салуу болгон.

Залга беткапчан белгисиз эки адам кирип келип, М.С. аттуу 32 жаштагы кызматкерге күч колдонуп коркутуп, кассадан 126000 сомду алып кетишкен.

“Бишкек ШИИБ менен Биринчи Май РИИБсынын кызматкерлеринин кесипөйлүк аракетинин натыйжасында рейддик ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышкерлер кармалган. Алар 23 жаштардагы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары болуп чыкты”,-деп белгиледи басма сөз кызматынан.

Учурда кылмышкерлер камакка алынып, аларга КР ККнын 168-беренеси (Каракчылык кол салуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу