Укук тартиби

Май 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
11/01 12:05
 

Тоң районунун оперкызматкери пара алуу учурунда кармалды

Тоң районунун оперкызматкери пара алуу учурунда кармалды

Бишкек, 11- январь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун оперкызматкери пара алуу учурунда кармалды деп билдирди КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, К.У. аттуу жарандан 50 миң сом суммасында пара талап кылуу фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун ИИБсынын оперкызматкерине КР ККнын 313-беренесинде каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш иши кошголду.

Башкы көзөмөл органынын кызматкерлери менен ИИМдин ЖККсынын кызматкерлери биргеликте 2017-жылдын 10-январында ыкчам-иликтөө иш чарасын жүргүзүү учурунда Тоң районунун ИИБсынын оперкызматкери Э.С. 10 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалды.

Ал Бишкек шаарынын ИИБсынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу

Warning: file_put_contents() [function.file-put-contents]: Only 24576 of 27699 bytes written, possibly out of free disk space in /home/admin_kabar/www/test.kabar.kg/cache.php on line 4