Укук тартиби

Ноябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
10/01 15:30
 

Жалал-Абадда өзүнүн 4 жаштагы баласын өлтүргөн адам 13 жылга кесилди

Жалал-Абадда өзүнүн 4 жаштагы  баласын өлтүргөн адам 13 жылга кесилди

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан караштуу Базар-Коргон айылынын тургуну 1987-жылы туулган Мурахмежов Нодирбек өзүнүн 4 жаштагы баласын өлтүргөндүгү үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мурахмедов Нодирбек 2016-жылдын 16-февраль күнү саат 12:00 чамасында Базар-Коргон айылында жайгашкан үйүнүн короосунда отун жарып жатып, жанына ойноп келип калган 2011-жылы туулган уулун тил албайсын деп таяк менен башына эки жолу, сол жамбашына бир жолу уруп жиберген, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында дагы отун жарып жатып, жанына келип калган уулун четирээк ойнобойсун деп жамбашына жана башына таяк менен урган.

“Ошол эле күнү саат 20:00дор чамасында үйүнүн бөлмөсүндө уулун кичинекей сыналгыны сындырып койгондугу үчүн таяк менен башынын төбөсүнө жана денесинин башка мүчөлөрүнө бир нече жолу уруп жиберген, саат 23:00 чамасында үйүнүн бөлмөсүндө уулун жуундуруп койом дегенде уулу качып ичкери бөлмөгө кирип кетсе, артынан кирип жашы жете элек алсыз абалда болгон уулунун атайын өмүрүн кыюу максатында эки кулагынан эки колу менен кармап башынын арт жагы менен жерге бир нече жолу сүздүрүп жибергенде уулу денесинен алган жараттан улам окуя болгон жерде каза болгон”,-деп айталыт билдирүүдө.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 9-сентябрындагы өкүмү менен Мурахмедов Нодирбек 1987-жылы туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебеген, мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 101-ст. 1-б. (Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) менен күнөөлүү деп табылып 3 (үч) жылга эркиндигинен ажыратылып, ушул эле Кодекстин 63-ст. (Шарттуу соттоо) негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип 2 (эки) жыл сынак мөөнөтү белгиленген.

Биринчи инстанциядагы соттун аталган өкүмгө апелляциялык тартипте сунуш Жалал-Абад областтык сотуна келтирилди.

Жалал-Абад областтык соту иштин материалдарын изилдеп, апелляциялык сунуш менен каршы пикирдин жүйөлөрүн талкуулап, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтүүлөрүн, соттолуучунун акыркы сөзүн угуп, 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 9-сентябрындагы өкүмү өзгөртүлүп,Мурахмедов Нодирбек Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 3-п. (Күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 13 (он үч) жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Жалал-Абад областтык сотунун өкүмү жарыяланган убакыттан баштап мыйзамдуу күчүнө кирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу