10.01.2017, 12:15

Тажикстандын жараны мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалды

Тажикстандын жараны мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Тажикстандын жараны мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалды, деп билдирди КР Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-январда Москва-Ош багытындагы №967 рейсин каттоодо “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылгандыгы үчүн 1970-жылкы С.Х. аттуу Тажикстандын жаранын кармашкан. Чек арачылар анын чет өлкө паспортунан мамлекеттик чек арадан өткөндүгү тууралуу коюлган белгилердин жасалма экендигин аныкташкан.

Керектүү документтер толтурулган соң кармалган жаран КР МУККнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.