Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
10/01 10:19
 

ТИМ: Кытайдын Бишкектеги элчилигинде теракт кылууга шектүүлөр Стамбулда жашырынып жүрүшөт

 ТИМ: Кытайдын Бишкектеги элчилигинде теракт кылууга шектүүлөр Стамбулда жашырынып жүрүшөт

Бишкек, 10-январь /Кабар/. 7-январда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде КРнын Түркиядагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов менен Кытайдын Түркиядагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хонянг Юнун жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай тараптын демилгеси менен уюштурулган жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркиядагы азыркы кырдаалды, андан тышкары акыркы убакта өлкөдө жасалган террордук актыларды, анын ичинде 2017-жылы 1-январда Стамбул шаарындагы кандуу окуяны талкуулашты.

Ошондой эле, тараптар 2016-жылы 30-августта Кытай Элдик Республикасынын Бишкектеги элчилигинде теракт уюштурууга шектүүлөрдү Түркияда кармоо боюнча түрк тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алышты, маалыматтарга караганда теракт кылууга шектүүлөр Стамбулда жашырынып жүрүшөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга иш сапары темасына, андан тышкары КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыгына дагы токтолушту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу