Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/01 13:48
 

Чүй облусунда 17 жаштагы бала кызганычтын айынан досун өлтүрүп койгон

Чүй облусунда 17 жаштагы бала кызганычтын айынан досун өлтүрүп койгон

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Москва районунда кызганычтын айынан өзүнүн досун өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылы 7-январда саат 23:30 дар чамасында Ак-Суу айылынын 51 жаштагы тургуну Л.В. 15 жаштагы баласы С.Н.ны издөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу арыз менен кайрылган, ал 7-январь күнү болжол менен саат 19:30 дарда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

“Аталган факты боюнча Москва районунун Ички иштер органынын тергөө-ыкчам тобу дайынсыз жоголгон С.Н.нын жашаган жерин текшеришип, коңшуларын суракка алышкан, жоголгон бала достору менен барып жүргөн жерлер дагы текшерилген. Ыкчам-изилдөө иштеринин жүрүшүндө Москва ИИОнун кызматкерлери тарабынан үйүнөн анча алыс эмес жердеги саздын чыгыш тарабынан дайынсыз жоголгон С.Н.нын жансыз денеси табылган, ага арт жагынан 3 жана төш жагынан 3 жолу бычак урулган. Кылмышка шектүү катары жергиликтүү жашоочу 17 жаштагы С.В.кармалды, аталган кылмышка толук жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүү үчүн шектүүнүн үйү тинтүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө шкафтан ичинен жарадар кылган бычак жана төшөктүн алдынан мурда маркум С.Н.га тиешелүү болгон “Самсунг” маркасындагы телефон, андан тышкары ашканадагы таштанды челектин ичинен сим-карта табылган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү С.В. менен жабырлануучу С.Н. достордон болгону аныкталды. Алар “Кристина” аттуу бир кызды жакшы көрүшкөн. Анын жыйынтыгында достордун ортосунда карама-каршылыктар пайда болуп, шектүү жабырлануучуга бир нече жолу бычак урган.

Аталган факты боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 97-беренесинде каралган (“Адам өлтүрүү”) кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармалган жаран Москва районунун убактылуу кармоо жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу