Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
09/01 12:08
 

Жигит жана жашы жете элек кыз документсиз Кыргызстандан Тажикстанга өтүүга аракет кылышкан

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Жигит жана жашы жете элек кыз документсиз Кыргызстандан Тажикстанга өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылы 8-январда “Кайрагач-унаажолу” текшерүү-көзөмөл бекетинин чек арачылары мамлекеттик чек араны бузган 2 жаранды кармашкан, алар Кыргызстандан Тажикстанга текшерүү бекетинен тышкары өтүүгө аракет кылышкан.
Кармалгандардын бири жашы жете элек кыз, экинчиси жаш адам болгон, аларда мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн зарыл документтери жок болгон.

Кармалгандардын айтымында, алар Кыргызстандын жараны болуп эсептелишет. Өздүгүн тактоо жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн мыйзам бузуучулар КР ИИмдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу