Укук тартиби

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
09/01 11:38
 

Ошто өзүн КТРК жана ЭлТРдин кызматкери катары тааныштырып жүргөн алдамчы кармалды

 Ошто өзүн КТРК жана ЭлТРдин кызматкери катары тааныштырып жүргөн алдамчы кармалды

Ош, 9-январь /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. Араван районунун кылмыш изилдөө кызматкерлери КР ИИМдин Ош облустук башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге өзүн республикалык КТРК жана ЭлТР теле берүүлөрүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн алдамчыны кармашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ош шаарынын жашоочусу 1984-жылы туулган Б.А. кармалды, ал жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык менен алектенип жүргөн. Ошентип, ага 2 айыл башкармалыгынын башчысы жана Араван районундагы 8 мектептин директорлору алданган. Шектүү Жалал-Абад облусунда дагы ушундай эле аракеттерди жасаган.

“Азыркы учурда ага карата КРнын Кылмыш кодексинин 166-беренесинде каралган алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу