Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/01 12:23
 

Ошто жасалма документ менен Россияга учууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды

Ошто жасалма документ менен Россияга учууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Ошто жасалма документ менен Россияга учууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды, деп билдирди КР Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 4-январында “Ош-Аэропорт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чегарачылары “Ош-Сургут” багытындагы №869 рейсин каттоодо КР жараны 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту көрсөткөн. Документти дыкат текшерүүдө паспорттогу элементтердин сапаттуу эместиги, химиялык коргоо белгилеринин, микрочиптин жоктугу аныкталган.

Кармалган жарандын айтымында, ал мурда РФдан депортация болуп келген. Ошондон улам Россияга жасалма документ менен барууну чечкен.
Керектүү документтер толтурулган соң ал жаран КР МУККнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу