Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/01 10:15
 

УКМК: Стамбулда терактка шектелген Кыргызстандын жараны суралгандан кийин үйүнө кое берилди

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Стамбулдагы терактка шектелип жаткан Кыргызстандын жараны Яхья Машрапов суралгандан кийин үйүнө кое берилди. Бул тууралуу КР Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктын терактка катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат пайда болгондон кийин УКМКнын кызматкерлери КРнын аталган жаранынын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн. “Теракт кылууга шектелген кыргызстандык жаран Я.Машрапов Ош облусунун Кара-Суу районунда жашай турганы аныкталган. УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери анын үйүнө барышып, шектүүнү УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмүнө алып келишкен. Сурактан кийин ал кое берилген”,-деп билдирди УКМКнын расмий өкүлү Р.Сулайманов.

Ошондой эле, ал толук маалымат текшерүү иш-чараларынан кийин берилерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Стамбулдагы түнкү клубдагы теракт 1-январь түнү болгон. Куралданган белгисиз жаран мекемеге келгендерге карата ок чыгарган. Акыркы маалыматтар боюнча, 39 адам каза болуп, 69 адам ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу