Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/12 11:55
 

КРнын мурдагы коргоо министринин кылмыш иши сотко жөнөтүлдү – Башкы прокуратура

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. КРнын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди айыптоо боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын аскер прокуратурасы тарабынан КРнын мурдагы коргоо министри Т.Өмүралиевди КРнын Кылмыш кодексинин 305-беренесинде (кызмат абалын арттыруу) каралган кылмышты жасоого жана КРнын мурдагы коргоо министринин орун басары Н.Ж.нын 304-беренеде (кызмат абалынан пайдалануу, кылмыш кылууга катышуу) жана 305-беренеде (кызмат абалын арттыруу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча кылмыш иши иликтенип, сотко жөнөтүлдү.

Иликтөөдө Т.О. КРнын коргоо министри болуп туруп КРнын коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын начальниги Н.Ж. менен бирге КРнын “КРнын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” жана “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдарын бузуп, республикалык бюджеттен чарбалык жактарга 5 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алышканы белгилүү болду. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган каражат республикалык бюджеттен башка максатка белгиленген.

Кызмат адамдарынын укукка каршы аракеттеринин жыйынтыгында акча каражаты максатсыз колдонулган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу