29.12.2016, 12:21

Түркиядан Кыргызстанга келиш үчүн өзүнүн бир тууганынын паспортун пайдаланган аял кармалды

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 29-декабрында “Манас-аэропорту” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө жасаган аракети үчүн Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Стамбул-Бишкек багытындагы №702 рейсинин жүргүнчүлөрүн паспорттук текшерүүдө чек арачылар бир аялдын паспорту жасалганын, тактап айтканда сүрөтү алмаштырылганын аныкташкан.
Ал аялдын айтымында, Түркиядан Кыргызстанга келиш үчүн өзүнүн бир тууганынын паспортун пайдаланган.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жаран КР МУККнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.