Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/12 10:11
 

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерине 1 миллиондон ашык сомду өзүнө ыйгарып алгангандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерине КР ККнын 171-беренесинде (ишенилип тапшырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу), 304-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренесинде (документтерди жасоо), 316-беренесинде (кайдыгерлик) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери бухгалтердик документтерди жасалмалоо менен 1 миллион 168 миң сомду өзүнө ыйгарып алган.

Учурда бул боюнча тергөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу