Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/12 17:31
 

Ош аэропортунан Өзбекстандын жараны паспортуна жасалма штамп коюп алгандыгы үчүн кармалды – КР МЧК

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. Ош аэропортунан Өзбекстандын жараны паспортуна жасалма штамп коюп алгандыгы үчүн кармалды, деп билдирди КР Мамлекеттик чек ара кызматынан (МЧК)

Маалыматка караганда, бүгүн 19-декабрда Ош-Екатеринбург багытындагы №2904 рейсин каттоодо “Ош-аэропорт” көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылгандыгы үчүн Өзбекстандын жаранын кармашкан.

Ал адам паспорттук көзөмөлдөн паспортундагы жасалма белги менен өтүүгө
аракет кылган. Документте штамптын датасы белгиленген үлгүгө дал келген эмес.
Окуяны териштирүүдө кармалган адам Россияга иштөө максатында барыш үчүн документтеги штампты жасап койгондугун мойнуна алган.
Керектүү документтер толтурулган соң ал жаран КР УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу