Укук тартиби

Февраль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      
16/12 15:49
 

Кара-Балтада базардын директору соодагерлерди шаардык кеңешке ат салышып жаткан балдарына добуш берүүгө мажбурлаган

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Кара-Балта шаарындагы базардын директору соодагерлерди шаардык кеңешке ат салышып жаткан балдарына добуш берүүгө мажбурлаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органы Жайыл райондук ИИБ тарабынан жыйналган Кара-Балта шаарындагы “Азия-2” базарынын директору З.Сегизбаеванын аталган базарда иштеген соодагерлердин шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылгандыгы тууралуу соодагерлердин жамааттык арызы боюнча материалдарды караган.

2016-жылы 13-декабрда Жайыл РИИБге базардын соодагерлери “Азия-2” базарынын директоруна карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылышканы аныкталды. Базардын директору соодагерлердин ар биринен 10 дон кем эмес добуш топтоп, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо “Жаңы шаар” партиясына добуш берүүнү талап кылган, анткени аталган партиянын курамында анын баласы жана кызы депутаттыкка ат салышып жаткан. Антпесе соода кылуу үчүн ижара акысын кымбаттатып, же базардагы соода ордун алып коем деп коркуткан. Ал эми 11-декабрь шайлоо күнү ал базардын дарбазасын кулпулап, “Жаңы шаар” партиясына добуш бербесеңер соода ордуна киргизбей турганын айткан. Шайлоодон кийин күтүп жаткандай жыйынтык ала албай калган З.Сегизбаева айрым соодагерлер үчүн ижара акысын 2 эсе кымбаттатып салган.

Бул материалды карап чыккандан кийин Башкы прокуратура “Азия-2” базарынын директору жана башка жактарга карата КРнын Кылмыш кодексинин 139-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Ишти иликтөө Чүй облустук ИИБге тапшырылды.

Эскерте кетсек, 11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу