Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/12 11:19
 

Ош аэропортунан жасалма кыргыз паспорту менен тажик жараны кармалды

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Ош аэропортунан жасалма кыргыз паспорту менен тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 2015-жылы 15-декабрда Ош – Москва маршруту боюнча №968 каттамды каттоодо “Ош-аэропорт” текшерүү-көзөмөл бекетинин чек арачылары мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылгандыгы үчүн Тажикстандын жаранын кармашкан.

Паспорттук текшерүүдө Тажикстан Республикасынын жараны 1980-жылы туулган М.С. жасалма белгилери бар Кыргызстандын жаранынын паспортун көрсөткөн. Жакшылап текшерүүдө паспортто химиялык коргоолор, КРнын гербинин сүрөтү жок болуп, паспорт тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилбегени аныкталган.

Кармалган жарандын айтымында, ал Россиядан Тажикстанга депортацияланган. Россиянын аймагына кайрадан баруу үчүн Кыргызстанда мыйзамсыз берилген жасалма документ колдонууну чечкен.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу