15.12.2016, 16:38

УКМК Мухтар Аблязовдун 2005-жылы Кыргызстандагы революцияны каржылаганы тууралуу билдирүүсүн иликтейт

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. КРнын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына КРнын азыркы мыйзамынын талаптарына ылайык, Мухтар Аблязовдун 2005-жылы Кыргызстандагы революцияны каржылаганы тууралуу билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 15-декабрда ЖМКларда “Казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов 2005-жылы Кыргызстанда болгон революцияны каржылаганын моюнга алды” деген билдирүү тараган.