Укук тартиби

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
15/12 11:25
 

Россиянын жараны жасалма документ менен Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө аракеттенген

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Россиянын жараны жасалма документ менен Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 14-декабрда “Акжол-унаа жолу” текшерүү-көзөмөл бекетинин чек арачылары мамлекеттик чек ара режимин бузган Россиянын жаранын кармашкан.

Россия Федерациясынын 1954-жылы туулган жараны К.А. жасалма документ көрсөтүп, Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө РФнын жаранын паспортунда атасынын аты өзгөртүлгөн: россиялыктын паспортунун бир барагындагы атасынын атында башка паспорттон алынып чапталган тамгалык элемент табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мамлекеттик чек араны бузган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу