14.12.2016, 17:40

Панфилов РИИБсынын кызматкерлеринин кылмыштары иликтенип бүтүп, сотко жөнөтүлдү - прокуратура

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Башкы прокуратуранын Чүй облусу боюнча Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Панфилов районунун ИИБсынын кызматкерлеринин КР КК 105-беренесинде (ден соолукка атайылап залал келтирүү) жана 168-беренесинде (кол салуу) каралган кылмыштары иликтенип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдө 2016-жылы 4-октябрда Панфилов районунун ИИБсынын 4 кызматкери күч колдонушуп, К.Э. аттуу жаранды машинага алып киришип, токмоктошкону жана буюмун тартып алышкандыгы аныкталды.

Учурда бул милиция кызматкерлери Бишкектин 1-убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Аталган кылмыш иши Чүй облусунун Жайыл районунун сотунун кароосунда турат.