Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
13/12 10:28
 

Бишкекте банги зат сатуучу 1 кг гашиш менен кармалды – ИИМ

 Бишкекте банги зат сатуучу 1 кг гашиш менен кармалды – ИИМ

Бишкек, 13-декабрь /Кабар/. ИИМдин банги затты мыйзамсыз айландыруу менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын банги затты мыйзамсыз айландыруу менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлер банги затты жайылтуучуну кармоо боюнча бирдиктүү ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүштү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-декабрда Бишкек шаарында жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында банги зат сатуучу кармалган.

“ИИМдин банги затка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, кармалган жаран А.А. 1980-жылы туулган, Аламүдүн районунун жашоочусу, мурда бир нече ирет соттолгон, ири көлөмдөгү гашиш сатууга аракет кылган. Шектүүнү текшерүүдө анын баштыгынын ичинен өзгөчө жыты бар, салмагы 1 кг 95 гр болгон сары-жашыл түстөгү зат табылган”,-деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Банги затты мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу