Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/12 11:38
 

“Манас” аэропортунан Түркияга башка паспорт менен учууга аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. “Манас” аэропортунан Түркияга башка паспорт менен учууга аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды, деп билдирди КР Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Маалыматка караганда, “Манас-аэропорту” көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылганы үчүн Кыргызстандын жаранын кармашкан.

“Бишкек-Стамбул” маршрутунун №701 рейсин каттоодо КР жараны 1996-жылы төрөлгөн Б. кызы К. чек ара нарядына башка бирөөнүн паспортун көрсөткөн.

Кармалган жарандын айтымында, жасалма визасы үчүн ал мурда Түркиядан депортацияланган. Ошондуктан бир тууганынын паспортун колдонуп, Түркияга иштеп келүү аракетин көргөн.

Тийиштүү документтер толтурулган соң ал КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу