06.12.2016, 10:29

Кыргызстандык чек арачылар травматикалык патрон менен казакстандыкты кармашты

Бишкек, 6-декабрь /Кабар/. Кыргызстандык чек арачылар травматикалык патрон менен казакстандыкты кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, кечээ кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чалдыбар-унаажолу” текшерүү-көзөмөл бекетинде Казакстандын жаранына тиешелүү унааны текшерүүдө чек арачылар унаанын арткы отургучунун астынан 8 мм калибриндеги 5 даана травматикалык патрон табышкан.
Кармалган жаран Казакстандан Кыргызстанга өтүүгө аракеттенген.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана алынган патрондор КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.