05.12.2016, 15:12

“Манас” аэропортунан Түркиядан зер буюмдарды ич кийимине катып келген КР жараны кармалды

  “Манас” аэропортунан Түркиядан зер буюмдарды ич кийимине катып келген КР жараны кармалды

Бишкек, 5-декабрь /Кабар/. “Манас” аэропортунан Түркиядан зер буюмдарды ич кийимине катып келген КРнын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда саат 07:30 да Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузгандарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” аэропортунун учуп келгендер залында №348 Стамбул – Бишкек аба каттамы менен келген КРнын жараны С.К. алтындан жасалган зер буюмдарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган. Ал бажы көзөмөлүнөн өтүүдө жалпы салмагы 1850,6 граммдык зер буюмдарды ич кийимине катып алган.

Жогорудагы факты боюнча ишти кароонун жүрүшүндө 2-декабрда МБКнын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду.