Укук тартиби

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
05/12 15:05
 

Милиция Кайрат Примбердиевдин үйүн тоногондорду издөөдө

Милиция Кайрат Примбердиевдин үйүн тоногондорду издөөдө

Бишкек, 5-декабрь /Кабар/. Милиция Кайрат Примбердиевдин үйүн уурдоого байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Чүй ШИИБсынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, ырчыдан арыз түшкөн жана милиция иликтөөнү баштаган.

“Уурулар изделүүдө. Милиция Кайрат Примбердиевдин үйүн уурдоого байланыштуу иликтөөнү жүргүзүүдө. Манжалардын тактары алынды”,-деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, ишембиден жемшембиге караган түнү белгилүү ырчынын үйүн тоноп кетишкен. Бул учурда К.Примбердиев жубайы экөө үйдө болгон эмес, Үйдө кайын энеси (маалыматка караганда керең экен) менен баласы калган. Ушундан пайдаланып ууру тередеден уктоочу бөлмөгө кирип, баалуу буюмдарды - Canon EOS 60D фотоаппаратын, 430 EX 2 фотоаппараттын жарыктандыргычын, Toshiba ноутбугун, LG телефонун жана 400 долларды уурдап кеткен. Чыгым 3 миң долларды түзгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу