Укук тартиби

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
30/11 11:26
 

Издөөдө жүргөн “Ак-Толкун” ишканасынын мурдагы директору АКШдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди – КР МУКК

Издөөдө жүргөн “Ак-Толкун” ишканасынын мурдагы директору АКШдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди – КР МУКК

Бишкек, 30 -ноябрь /Кабар/. Издөөдө жүргөн “Ак-Толкун” ишканасынын мурдагы директору АКШдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди, деп билдирди КР МУККнын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн.

“2016-жылдын 30-ноябрында КР МУКК жана Башкы прокуратурасы КР ТИМ жана АКШнын өнөктөш структураларынын көмөгү менен мурда кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына караштуу “Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору, 1950-жылкы Кыдыкбаев Бекболсун Кадырович “Манас” эл аралык аэропортуна алынып келинди”-деп айтылат билдирүүдө.

Эл аралык издөө жарыяланган Б.Кыдыкбаев АКШда кармалган. “Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору КР мамбюджетине ири өлчөмдө зыян келтирген делип, КР ККнын 171-беренесинин 3-бөлүмү жана 304-беренесинин 2-бөлүмү менен сыртынан соттолгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу