29.11.2016, 15:42

КР жараны наристени Россияга башка бирөөнүн күбөлүгү менен алып өтүүгө аракет кылган – КР МЧК

Бишкек, 29- ноябрь /Кабар/. КР жараны наристени Россияга башка бирөөнүн күбөлүгү менен алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан ( МЧК) билдирди.

“2016-жылдын 29-ноябрында Ош-Москва багытындагы 2948 рейсине каттоо учурунда Чек арачылар “Ош-аэропорт” көзөмөл өткөрүү пунктунан наристени башка күбөлүк менен Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө аракет кылган 1964-жылкы И.У. аттуу Кыргызстандын жаранын
кармашты”-деп айтылат билдирүүдө.

Керектүү документтер толтурулган соң кармалган адам КР МУККнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.