Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
25/11 17:40
 

Башкы прокуратура Транспорт министрлигинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокуратурасы КРнын транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлерине карата КРнын Кылмыш кодексинин 304 ( кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелеринде (КРнын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алуу жүргүзүү боюнча келишим түзүү) каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылы 21-октябрда жогоруда аталган министрлик тарабынан КРнын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамын бузуу менен сынак өткөрбөй жана бааларга мониторинг жүргүзбөстөн, компьютердик серверлерди жеткирүү жана орнотууга “Е.Т.Г.” ЖЧК менен келишим түзүлгөнү белгилүү болду.

Ушул келишимдин негизинде Транспорт министрлиги аталган ЖЧКнын эсебине аткарылган иштер үчүн төлөмдүн көлөмүн 11 млн 308 миң сомго көбөйтүү менен 14 млн сом которгон.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу