Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/11 11:31
 

Бажычылар ири өлчөмдө бажы төлөмүн кыйгап өтүү фактысын аныкташты – КР МБК

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) Борбордук бажысынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө бажы төлөмүн кыйгап өтүү фактысы аныкталды, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматынан.

“КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө күндөлүк керектелүүчү товарларды бажылык каттоодо ири өлчөмдө - 870 миң 377 сом суммасында бажы төлөмүн кыйгап өтүү фактысы аныкталды. Ал товарлар Кытай Эл Республикасынын өндүрүшүнөн чыгып, Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына “I” юридикалык жактын дарегине алынып келген”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан КР ККнын 210-беренесинин 1-3-бөлүмдөрү боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу