Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/11 11:17
 

Бажы төлөмүн ири өлчөмдө кыйгап өтүү фактысы аныкталды – КР Мамбажы кызматы

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. Бажы төлөмүн ири өлчөмдө кыйгап өтүү фактысы аныкталды, деп билдирди КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан.

“КР Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө күндөлүк керектелүүчү товарларды бажылык каттоодо ири өлчөмдө - 306 миң 635 сом
суммасында бажы төлөмүн кыйгап өтүү фактысы аныкталды. Ал товарлар КЭРдин өндүрүшүнөн чыгып, ЕАЭБ бажы аймагына “И” юридикалык жактын дарегине алынып келген”-деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча КР Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан КР ККнын 210-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу