Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/11 18:16
 

Ош облусунда 1кг гашиш менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. Ош облусунда 1кг гашиш менен кылмыштуу тобтун мүчөсү кармалды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, жакында КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкамалыгынын түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында 1980-жылы туулган З.Т. аттуу жаран убактылуу жашап жаткан үйдү тинтүүдө ири өлчөмдө баңги заты - 1 кг ооган гашиши табылган.

Бул жаран 164, 234 жана 167-беренелери боюнча уурулукка ыктагандыгы, уюшкан кылмышка катыштыгы үчүн бир нече мертебе соттолгон.

Бул факт боюнча жыйналган материалдар Ош облусунун ИИБсынын кылмыштуулукту каттоо китепчесине катталып, КР ККнын 246-беренесинин 4-бөлүмү менен (ири өлчөмдө баңги затын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн) кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу