Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/11 16:40
 

Каракол шаардык медициналык колледждин директорун өлтүрүү фактысы аныкталды

Каракол шаардык медициналык колледждин директорун өлтүрүү фактысы аныкталды

Бишкек, 21-ноябрь /Кабар/. Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жана Каракол шаардык ички иштер органынын ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 4 күндөн кийин медициналык колледждин директору Анарбүбү Апсалиеваны мыкаачылык менен өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда болжол менен саат 13:10 до Каракол шаардык ИИОго өлтүрүлгөн аялдын кызынан өз үйүнүн ашканасынан А.Апсалиеванын бычактан бир нече жараат алган сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө кылмышкер аялдын денесинин ар кайсы жерине 23 жолу бычак сайган белгилүү болгон. Аталган факты боюнча Каракол шаардык ИИОнун бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 97-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголгон.

Коомдо чоң резонансты жараткан өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу үчүн Ысык-Көл облустук ИИБ жана Каракол шаардык ИИОнун тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам-иликтөө тобу түзүлгөн. Ысык-Көл облустук ИИБдин начальниги О.Урмамбетов иликтөөнүн жүрүшүн дайыма көзөмөлгө алып турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы 21-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан медициналык колледждин директорун өлтүрүүгө шектүү кармалган. Ал Каракол шаарынын 39 жаштагы тургуну, өлтүрүлгөн аялдын кесиптеши Раушан М. болгон. Кылмышка шектүү сурак учурунда өзгөчө оор кылмышты кылгандыгын моюнга алган. Шектүүнүн айтымында, мындай кылмышка баруусуна анын иш боюнча жетекчиси менен тил табыша албаганы түрткү болгон.

Козгонгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу