Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/11 12:51
 

Нарында 1-топтогу майыпты ур-токмокко алганга чара көрбөгөн ИИБдин кызматкерлерине сөгүш берилди

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Нарында Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери майыптын сабалгандыгы тууралуу билдирүүгө реакция кылбагандыгы үчүн сөгүш берилди. Бул тууралуу Омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Омбудсменинин Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн дарегине Нарын шаарынын тургуну С.Ч. ИИБ кызматкерлеринин аракетсиздигине нааразычылыгы менен кайрылган.

Аталган билдирүүнү иликтөөнүн жүрүшүндө Нарын шаарында Ак-Коргондун аймагында белгисиз эркек мас абалында эч кандай себепсиз анын уулу 1-топтогу майып Ч.А.ны сабаган белгилүү болду. Ошол эле күнү Ч.А.нын апасы арыз менен Нарын шаардык ИИБге кайрылган.

“Бирок, 8 ай аралыгында тергөөчү тараптан тиешелүү чаралар кабыл алынган эмес. Ага кошумча кылмыш кодексинде жазылган процессуалдын эрежелер бузулган”,-деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

КР Омбудсменинин Нарын облусу боюнча өкүлүнүн ишке аралашуусунан кийин гана Нарын шаардык ИИБ тарабынан аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Нарын шаардык ИИБдин тергөө бөлүмүнүн орун басары Т.Жумалиев жана тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Э.Мусаевге сөгүш берилди. С.Ч.нын арызы боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, басма сөз кызматынан азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу