18.11.2016, 12:19

Башкы прокуратура мурдагы Транспорт министринин ишин УКМКнын коррупцияга каршы кызматына кайтарып берди

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын мурдагы Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдун Бишкек-Кара-Балта жолун куруу боюнча тендерге аралашкандыгы тууралуу материалдарды толук текшербегенинен улам кайра кайтарылды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура УКМКнын коррупцияга каршы кызматынан мурдагы Транспорт министри З.Айдаровдун Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендерди өткөрүүга аралашкан факты боюнча материалдарды алган.

“Бирок, кандайдыр бир чечим чыгаруу үчүн УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жетишсиздигинен улам аталган материалдар кайра кайтарылды”,-деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, мындан мурда бир катар маалыматтык сайттарга УКМКнын коррупцияга каршы каршы кызматы жогорудагы айтылган материалдарды Башкы прокуратурага бергени тууралуу маалыматтар тараган.