Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандык бажычылар 25 тонна аткезчилик картөшкөнү кармашты.
Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, 12-ноябрда Баткен облусунун Ак-Татыр айлынан “Түштүк” бажысынын кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин аймагына Тажикстан тараптан ташылып келе жаткан аткезчилик товар – 25000 кг картөшкө бажы көзөмөлүнөн тышкары жерден өткөрүлүп жатканда кармалды.
Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.