Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
16/11 11:09
 

Өзбекстандан чыккан Америка жараны 1 млн доллар камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн өзүн Кыргызстанда “өлдүм” деп жарыялаган

Өзбекстандан чыккан Америка жараны 1 млн доллар камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн өзүн Кыргызстанда “өлдүм” деп жарыялаган

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Өзбекстандан чыккан Америка жараны 1 млн доллар камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн өзүн Кыргызстанда “өлдүм” деп жарыялаганын КР ИИМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1985-жылы төрөлгөн Өзбекстандын тургуну АКШдагы камсыздандыруу компанияларынын биринен өзүн 1 млн долларга камсыздандырган.

Ал 2000-жылы Green Card менен АКШга барган. 2014-жылы камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн өзүн Кыргызстандын Ош облусунда “өлдүм” деп жарыялаган. Өлгөндүгү тууралуу жалган күбөлүк алып, Кара-Суу районунун айыл аймагынын бириндеги көрүстөнгө кабыр жайын каздырып, эстелик да койдурган. Мындан соң анын туугандары камсыздандыру компаниясынан 1 млн долларды талап кылышкан жана Кыргызстанга келишкен компаниянын өкүлдөрүнө жалган күбөлүктү, анын “мүрзөсүн” көрсөтүшкөн.

Бирок, КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Түштүк аймагынын кызматкерлери бул алдамчылыкты жана документтердин жасалма экендигин аныкташты. Өлгөндүгү тууралуу жалган күбөлүк берген медкызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ири суммада айыппул салынды.

Өзүн “өлдүм” деп жарыялаган адам учурда качып жүргөндүктөн изделүүдө.

Бул ачыкка чыккан кылмыш фактысы тууралуу маалымат тийиштүү өлкөлөрдүн элчилик/консулдугуна жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу