10.11.2016, 16:18

Кара-Дарыя айыл аймагынын аткаминерлери санаторияга өлгөн адамга жолдомо беришкен

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Дарыя айыл аймагынын аткаминерлери санаторияга өлгөн адамга жолдомо беришкен, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облусунун Сузак районун прокуратурасы тарабынан Кара-Дарыя айыл аймагынын жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата КР ККнын 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (документтерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголду.

1934-жылы төрөлгөн , 1-топтогу майып, Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну Ч.А 2015-жылдын 15-июлунда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк Сузак райондук каттоо бөлүмү тарабынан берилген.

Бирок жогорудагы жооптуу кызматкерлер Ч,А.нын өлгөнүн билип туруп, анын атынан санаториялык-курорттук дарыланууга жалган билдирүү жазышкан. Документтерди жасап, Ош шаарына санаториялык-курорттук даарыланууга жолдомону Н.Т. аттуу жаранга сатышкан.

Учурда бул факт боюнча тергөө жүрүүдө.