Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
03/11 17:06
 

Товарларды так эмес декларациялоодон улам жашырылып калган ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрү аныкталды

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлри тарабынан товарларды так эмес декларациялоо фактысы аныкталганын аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасы менен Бажы биримдигинин Бажы мыйзамдарынын тышкы экономикалык ишмердигин сактоону текшерүүнүн жүрүшүндө
Мамлекеттик бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлри тарабынан Түрк Республикасынан “П.В.” ЖЧКсынын дарегине түшкөн товарларда так эмес декларациялоо фактысы аныкталган.

Жашырылып калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы пенясын эсепке албаганда 6 805 750,51 сомду түзгөн. Ал эми аныкталган товарлардын жалпы наркы 766 464,43 АКШ долларын түзгөн.
Бул факт боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан КР ККнын 204-беренесинин 3-бөлүмү жана 350-беренесинни 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу