Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 15:45
 

Белгисиз себептерден улам Өзбекстандын жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Бүгүн 2016-жылдын 31-октябрында Ош облусунун Араван районунун Киркедон жеринде “Тоо-Моюн” чек ара тозотунун чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

1997-жылы төрөлгөн С.Р. аттуу Өзбекстандын жараны көзөмөл өткөрүү пунктунан тышкары жерден Кыргызстандын аймагына 300 м кирип кеткен. Анын өздүгүн аныктаган документтери жанында болгон эмес.
Териштирүүдө ал жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгүнүн себебин түшүндүргөн эмес, суроолорго ар нерселерди айтып жооп берген.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жаран КР МУККнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу