Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/10 15:22
 

Бишкек ШИИБи мыйзамсыз доктордук кылганы үчүн Ашим Зейналиевге кылмыш ишин козгоду

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Бишкек ШИИБи мыйзамсыз доктордук кылганы үчүн Ашим Зейналиевге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине башкалаанын милициясынын башчысынын орун басары Памир Асанов билдирди.

Анын айтымында, Учурда иликтөө жүргүзүлүп, оорулууларды дарылаган дары-дармектер текшерилүүдө.

“А.Зейналиевдин лицензиясы да, билими да жок. 24-октябрда текшерүү жүргүзүлүп, бул жайда эч кандай каттоо болбогондугу аныкталган. Клиникага канча адам келип, канчасы көз жумгандыгы белгисиз. Сурак учурунда ал Бишкектин “Көк-Жарындагы” үйдү ижарага алганына 1 жыл болгонун айтты. Буга чейин Жалал-Абадда дарыгерлик кылыптыр. Элди чөп менен даарылайт экен”,-дешти Бишкек ШИИБден.

Памир Асанов “мыйзамсыз доктордук” кылганы үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын белгиледи.

“Эгерде анын дары-дармектеринде тыюу салынган элементтер бар экендиги экспертте аныкталса, анда дагы башка берене кошулат. Каза болгон аялдардын туугандары милицияга арыз беришкен жок. Андыктан алардын өлүмү үчүн А.Зейналиевди жоопко тарта албайбыз. Анын үстүнө акыркы стадиядагы ракты айыктыруу мүмкүн эместигин баары эле билишет”,-деп кочумчалады башкалаанын милициясынан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу